ТАҢКЫ ДУБА (#15441)

Сенин башпаанаң астында уйкудан ойгондум, о, айланайын Кудайым; Сенин бул түнөгүңдү издегендер Өз коопсуздугуңдун ыйык жайында жана коргооңдун чебинде болууга тийиш. О, Теңирим, денемди Өзүңдүн ырайымдуулугуңдун таңкы нуру менен жарык кылгандай, жанымды да Өз Аяныңдын таңынын көркү менен нурландыр.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ТАҢКЫ ДУБА (#15442)

Бардык алкоолор Сага болсун, о, Кудайым, анткени Сен мени уйкумдан ойготтуң, жок болуп кетүүмдөн кийин мени кайрадан кайтардың жана көшүлгөн абалымдан чыгардың. Ушул таңда ойгонуп, Сенин белгилериңди таанып, Китебиңе ишенип, Учугуңду бекем кармап, күчүң менен улуулугуңдун асманын жаркыраткан Өзүңдүн Ачылмаңдын Күндүзгү Жылдызынын жарыгына жүзүмдү бурдум. 
Сенин эркиңдин кудурети жана бардыгын багындыруучу бийлигиң менен Өзүңө жалбарам: жүрөктөрү Сага деген махабатка толгон сүйүктүүлөрүң үчүн түшүмдө мага ачкан аяныңдан бекем пайдубал түптөп бер жана да кут-берекең менен назик камкордугуңдун белгилерин ачыктай турган эң мыкты куралды жарата көр. 
О, кагылайын Теңирим, Өзүңдүн өтө бийик Калемиң аркылуу мага эки дүйнөнүн жыргалчылыгын буюра көр. Бар нерсенин тизгинин Өз колуңда кармап тургандыгыңа күбөмүн. Сен аларды каалагандай өзгөртө аласың. Күчтүү, Ишенимдүү Сенден башка Кудай жок. 
Өз амири менен кордукту даңкка, чабалдыкты күчкө, алсыздыкты кудуретке, коркунучту бейкуттукка, күмөндү ишенимге айландырган Өзүңсүң. Кудуреттүү, кут Берүүчү Сенден башка Кудай жок.
Өзүңдү издегендердин көңүлүн эч сындырбайсың, Өзүңө умтулгандарды эч качан жерибейсиң. Өзүңдүн айкөлдүк асманыңа жана жоомарттыгыңдын мухитине эмне ылайык келсе, ошону менин маңдайыма жаза көр. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Күчтүүсүң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

